7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Монголиянын президенти менен жолугушту 

567

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 1-декабрда, Дубай шаарында (Бириккен Араб Эмираттары) климат боюнча иш-аракеттердин Бүткүл дүйнөлүк саммитинин аянтчасында Монголиянын Президенти Ухнаагийн Хурэлсух менен жолугушту.

Өлкөлөрдүн лидерлери эки тараптуу кыргыз-монгол кызматташтыгын ар кандай чөйрөлөрдө кеңейтүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашып, келечекте биргелешкен өз ара аракеттенүүнүн артыкчылыктарын белгилешти.

Президент Садыр Жапаров жана Монголиянын Президенти Ухнаагийн Хурэлсух Кыргызстан менен Монголия достук мамиледеги өлкөлөр экендигин айтып, эки мамлекет ортосундагы саясий, соода-экономикалык, инвестициялык, маданий-гуманитардык тармактарда өнөктөштүктү активдештирүү зарылдыгын белгилешти.

 

 

568