УКМК менен Ош шаардык ички иштер башкармалыгы уюшкан кылмыштуу топ көзөмөлдөгөн камактагыларды дары менен камсыздоо каналынын бетин ачты.
Маалыматка ылайык, “общака” деп аталган мекеменин көзөмөлүндө жана Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын Ош шаарындагы №25 мекемесинин кызмат адамдарынын камкордугунда иш алып барган баңги каражаттарын ташуунун жана сатуунун белгиленген каналы аныкталып токтотулду.
«Ош шаарындагы ЖАК №25 мекемесинде кармалгандар Кыргызстандын жараны жана Тажикстандын жараны («Дженго» деген каймана ат менен белгилүү К. Досоновдун УКТнун мүчөлөрү) тарабынан уюштурулгандыгы, атайын мекеменин жетекчилигинин макулдугу менен аракеттенгендиги аныкталды. Аталган мекеменин башчысы башка жооптуу кызматкерлери менен жең учунан сүйлөшүп алып, атайын баңгизаттарды тоскоолдуксуз өткөргөндүгү үчүн системалуу түрдө гонорар алып турган. Азыркы схема боюнча, Тажикстандын жараны Согди облусундагы өз каналдары аркылуу, иши тергелип жаткан, камакка алынган жана соттолгон адамдарга наркотикалык каражаттарды өткөрүп берүү жана сатуу үчүн ай сайын жеткирүү каналдарын уюштурган. Наркотикалык каражаттардын сатуусунан түшкөн каражаттар ЖАКнын №25 мекемесинин башчысына, «положенц» деп аталган жаранга жана башка баңгиканалдарынын башка катышуучуларына бөлүшүлгөн»,- деп берилет маалыматта.
Аталган мекемеге баңгизаттарды өткөрүү аракети учурунда, тамак-аш азыктарынын арасына катылган 1 кг салмактагы «ооган гашиши» табылып алынган. Мындан сырткары, Ош ШИИБнын кызматкерлери тарабынан 25-тергөө камак жайга баңгизатын алып өтүүгө аракет кылган жарандар кармалды. Алардын жашаган жерин тинтүүдө жалпы салмагы 1,3 кг болгон «ооган гашиши» табылган.
Белгиленген кылмыштуу схемага катышкан камактагылардын камераларында тинтүү жүргүзүлүп, баңгизаттар жана башка тыюу салынган буюмдар табылган.
Ош шаардык ЖАКнын №25 мекемесинин башчысы жана уюшкан кылмыштуу баңги тобунун мүчөлөрү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда аныкталган каналга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери улантууда.