7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ысык-Көлдөгү үрөй учурган жол кырсыктан эки адам каза болуп, 9 жүргүнчү жабыркады

806

Ысык-Көл облусунда адам өмүрү менен коштолгон үрөй учурган жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү кабарлады.

Маалыматка караганда, кырсык бүгүн, 17-декабрда болжол менен саат 10:30да Каракол — Түп автожолунда болгон. Андан эки айдоочу тең жеринде каза болуп, 9 жаран ар кандай жараат менен облустук жана Түп райондук ооруканаларына жеткирилген.

Алдын ала маалыматка ылайык, Mazda Xedos автоунаасынын 27 жаштагы К.И. аттуу айдоочусу Караколду көздөй баратып, жолдун тайгалагына байланыштуу карама-каршы тилкеге чыгып, Каракол — Балыкчы каттамы боюнча жүргүнчүлөрдү ташыган Mercedes Sprinter үлгүсүндөгү маршрутка менен кагышкан. Экинчи унааны 43 жаштагы Т.А. аттуу жаран башкарып бараткан.

Учурда териштирүү иштери уланууда.

807