Кемпир-Абадды шылтоо кылып, баш аламандык уюштуруп, бийликти күч менен басып алабыз деген аракет чынында болгон. Бул тууралуу Баяна Кулова социалдык тармактагы баракчасына жазды.
«Ушул фейсбукта билип-билбей эле көзү ачык боло бергендер аябай күлкүнү келтирет да. Азыр, президенттин сөзүн талкуулап жатышат. Менде укук коргоо органдарында иштеген балдардан алган маалыматым бар. Кемпир-Абадды шылтоо кылып, баш аламандык уюштуруп, бийликти күч менен басып алабыз деген аракет чынында болгон. Ал үчүн сырткы күчтөрдөн аванс дагы келген. Ал авансты, (100 миң доллар) Равшан Жээнбеков алып Өзгөндөгү курултайдын чыгымдарын жаап, келгендерди портер менен ташып, жылкы союп, боз үй тиккенге жумшап, бакма блогерлерге гонорар төлөгөн. Процесс уланса 100 миң доллардын артынан – 1 миллион доллар келмек. Кийин, бул иш боюнча Равшан Жээнбековдон акча алган блогерлер дагы камалып, кайра чыгышты. Акча алгандарын тана алышпайт, эгер “алган эмеспиз” десе кайра камалат. Себеби, тергөөдө “Равшан Жээнбековдон акча алганбыз” деп көрсөтмө беришкен.
Ошондуктан, дагы бир жолу эске салып койгум келет. Кыргызстанда болгон бийлик алмашуулар дайым эле сырткы күчтөрдүн кийлигишүүсү, каржылоосу менен болуп келген. Акаевди, Бакиевди дагы сырткы күчтөр жок кылган. Бул жолу дагы ошол сырткы күчтөр Кыргызстанда баш алмандык уюштуруп, бийликке өздөрүнүн Равшан Жээнбеков сыяктуу “өз куурчактарын” алып келүүнү максат кылышкан. Ал эми “батышчылдардын” бийликке келип калуусунан Кудай сактасын. Бир батышчыл экс-эжекебиз кыздарды чечинтип иш-чара кылган. Равшан Жээнбеков сыяктуулар дароо эле “ЛГБТны мыйзамдаштырам” деп чыгышат»,- деп жазган ал.