7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жеки Чан оор абалда ооруканага жаткырылды

990

69 жаштагы атактуу актёр Жеки Чан Шанхайдагы «Лин Шань» ооруканасына жаткырылган. Бул тууралуу «РБК-Украина» жазып чыкты.

Маалыматка караганда, дарыгерлер актёрдун абалын оор деп баалап, ага бардык керектүү жардамды көрсөтүп жатышат.

Актёрдун ооруканага жаткырылганы тууралуу жаңылыктар Кытайдын социалдык тармактарынан активдүү өчүрүлүп, бул тууралуу кабарлаган аккаунттар бөгөттөлүүдө.

Азырынча анын абалы тууралуу расмий маалымат жок. Жеки Чандын жакындары жана достору да анын ден соолугу тууралуу комментарий бере элек.

Жеки Чан киноактёр, режиссёр, продюсер, ырчы, музыкант жана бийчи. Каратэ менен машыгат. Ал актёрлук карьерасын 1962-жылы баштап, ушул күнгө чейин тасмаларга тартылып келет. Кинодогу көрүнүктүү жетишкендиктери үчүн «Оскар» сыйлыгын алган. Ал тасмалардагы трюктардын көбүн өзү аткарат. Ошондой эле, ал көптөгөн түрдүү жаракаттарды алган.

 

991