Бишкекте салыктарды төлөөдөн жашыруу жана күрөөканалардын ишмердүүлүгүнө тиешелүү лицензиялык талаптарды бузуу, ошондой эле күрөөкананын кызматын пайдаланып алдамчылык кылган фактылар аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин 218-беренесинин 1-бөлүгү (“Мыйзамсыз ишкердик же банк иши”) боюнча кылмыш иши козголдуп, анын алкагында Бишкек шаарындагы күрөөкана тармагынын директоруна айып тагылды.
Мындан тышкары, ИИМнин ТОР-автоматташтырылган маалымат базасында Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү деп каттоодо турган, мурда бир нече жолу соттолгон “Д.Р.Ж.” аттуу жарандын күрөөкана уюмуна күрөөгө коюлган мүлк менен ар кандай айла-амалдарды пайдаланып алдамчылык кылып жүргөн.
Козголгон кылмыш ишинин алкагында 28-декабрда ал кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.