7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ташиевге кайрылган тургун жарандык документтерге ээ болду

671

Бүгүн, 3-январда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Ноокен районунун Сакалды айылынын тургуну Жээнбек Султановго туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн жана жарандык паспортун тапшырды.

Жээнбек Султанов 2023-жылдын август айында ЖМК аркылуу Камчыбек Ташиевге кайрылган болчу. Султанов өз кайрылуусунда анын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү да, жарандык паспорту да жок экенин билдирген жана ага жардам берүүнү суранган.

28 жаштагы жарандын ушул күнгө чейин эч кандай документтери болгон эмес. Анткени, Жээнбек Султанов 1995-жылы Ноокен районунун Сакалды айылында үй шартында төрөлгөн жана ага ушул күнгө чейин өздүгүн тактоочу документ ыйгарылган эмес жана мектепте билим алууга да мүмкүнчүлүк болбогон.

Үй-бүлөлүү. 2 баланын атасы. Жээнбек Султановдун паспорту жок болгондугуна байланыштуу балдары жубайынын атына катталып турган. Жубайы жалгыз бой эне катары эсептелип келген.

 

672