7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ала-Тоо аянтында жаңыланган туу салтанаттуу көтөрүлдү

649

Бүгүн, 8-январда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган депутаттар, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган жетекчилер, Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов Ала-Тоо аянтында мамлекеттик тууну көтөрүү аземине катышты.

Аземге Бишкек шаарынын тургундары да күбө болушту.

Тууну көтөрүү учурунда аскердик оркестрдин коштоосунда мамлекеттик гимн жаңырды.

Алсак, мамлекеттик тууну жакшыртууга багытталган мыйзам долбоору Жогорку Кеңеш тарабынан колдоо таап, ага өткөн жылдын 22-декабрында Президент кол койгон.

650