7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстандын улуттук курамасы Вьетнамды жеңип алды

538

Бүгүн Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Вьетнам менен контролдук беттеш өткөрдү. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунан кабарлашты.

Оюн «Ак шумкарлардын» 2023-жылкы Азия Кубогуна даярдыгынын алкагында охадагы Al Egla машыгуу талаасында орун алды.

Беттештин 31-мүнөтүндө Кожо Жоэл оюндун эсебин ачты. Ал эми атаандаштар оюндун 63-мүнөтүндө эсепти теңөөгө жетишти. Бирок, Азар Акматов жооптук гол киргизип (75’), кайрадан команданы алдыга алып чыкты. Ошентип, оюн 2-1 эсебинде Кыргызстандын курама командасынын жеңиши менен аяктады.

Беттеш машыгуу мүнөздө өтүп, расмий статуска ээ болгон жок. Улуттук кураманын башкы машыктыруучусу Штефан Тарковичтин оюнчулары үчүн бул контролдук беттеш турнирге болгон даярдыктын алкагындагы акыркысы болду.

Белгилей кетсек, команданын 2023-жылкы Азия Кубогунда старттык оюну 16-январда Таиландга каршы өтөт.

539