7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстан менен Таиланддын беттешин иорданиялык калыс тейлейт

505

2023-Азия Кубогунун Таиланд-Кыргызстан беттешинде калыстар бригадасын иорданиялык ФИФА калысы Адхам Мухаммад жетектейт. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунан билдиришти.

Адхам Мухаммедке каптал сызыктарда анын мекендештери — Мухаммад Мустафа жана Ахмад Муанесс жардам беришет. Ким Хенг (Корея) резервдик арбитр болуп дайындалган.

VAR-системасында БАЭлик адистер Адел Али жана Хасан Мохамед иштешет.

Белгилей кетсек, Кыргызстан менен Таиланддын футбол боюнча улуттук курама командаларынын старттык оюну 16-январда Катардагы «Абдулла бин Халифа» стадионунда өтөт. Оюн жергиликтүү убакыт боюнча саат 17:30да, Бишкек убактысы боюнча саат 20:30да старт алат.

«Ак шумкарлар» ак түстөгү формада ойнойт. Улуттук курамага күйөрмандык кылам дегендер үчүн Бишкектеги «Азия Молл» (3-кабат) жана «Дордой Плаза» (1-кабат) соода борборлорунда атайын фан-зоналар уюштурулат.

506