7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкектин чет жакасында тик учак кулады

715

Бишкектин чет жакасында, «Достук» кичи районуна жакын жерде Ми-8 аскердик тик учагы кырсыкка учурады. Бул тууралуу «Кыргызаэронавигация» мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жергиликтүү убакыт боюнча саат 10:55те «Фрунзе — 1» авиабазасында Ми-8 аскердик тик учагы кулап түшкөн. Экипаждын тагдыры азырынча белгисиз.

Бирок айрым басылмалар Коргоо министрлигине таянып бир киши каза болгонун жазышууда. Ошондой эле экипаждын ичинен жети адам жабыркаганы балжолдонуп жатат. Окуя болгон жерге Коргонуу министрлигинин жетекчиси Бактыбек Бекболотов барганы айтылууда. «Коргоо министрлигинин жана Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн кызмат адамдары тарабынан бул окуянын чоо-жайын тактоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Тергөөнүн жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат кийинчерээк билдирилет», — деп айтылат расмий билдирүүдө.

716