7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Аврора Гриндеги» талаш болгон 31 коттедж мамлекетке өттү 

620

Талашта болуп келген «Аврора Гриндеги» 31 коттедж жана 2 корпус толугу менен мамлекетке кайтарылып, «Аврора» санаторийинин карамагына өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев билдирди.

Анын айтымында, аталган иш президенттин жеке көзөмөлү менен ишке ашкан.

 «Аврора» санаторийи президенттин Иш башкармалыгына өткөн бир жарым жыл аралыгында жакшы натыйжа берип баштады. Алсак, санаторий толугу менен санариптештирилди, акылдуу кулпулар орнотулуп, накталай эмес төлөм жүргүзүүгө өттү. Эми кызмат акысын кардарлар онлайн төлөсө болот, бул кадам менен коррупциялык элементтер жоюлду. Санариптештирүү аркылуу Бишкектен эле санаторийге канча адам кирип чыкканын көзөмөлдөөгө мүмкүн болуп калды. Мындай кадам тааныш-билиштерин мурдагыдай бекер жаткырууга бөгөт койду»,- деди Туманбаев.

 

621