7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өз баласын өлтүрүп, жашыруун көмүп жаткан ата-эне кармалды

610

Социалдык тармактарда үрөй учурган окуянын видеосу тараган. Тасмадан жубайлар кепинделген кичинкей баланы көмүп жатканын көрүүгө болот.

Интернет колдонуучулары аталган жарандар өзбекстандык үй-бүлө экенин, учурда Орусияда жашап жатканын жазышууда.

Алардын өздүгү такталып, камакка алынганын Podrobno.uz сайты жазып чыкты. Бул ишти балдар акыйкатчысы көзөмөлгө алып, жагдайды иликтөө өтүнүчү менен укук коргоо органдарына кайрылган.

Андан соң, окуя дыкат иликтенип, аял 28 жаштагы Анжиян облусунун Жалалкудук районунун тургуну болуп чыккан. Ал, 2016-жылдан бери жолдошу менен Новосибирск шаарында жашап келген. Видеодогу наристе алардын 2019-жылы туулган кызы экени аныкталган.

Новосибирск шаары боюнча тергөө бөлүмү никедеги жубайларга Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 117-беренеси (кыйноо) боюнча кылмыш ишин козгоду. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

 

611