7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Самидин кары Атабаев муфтийдин милдетин аткаруучу болуп дайындалды

855

Муфтий Замир Ракиев өз каалоосу менен кызматтан кеткендигин Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгынан билдиришти.

Бүгүн Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин кезексиз протоколдук жыйыны өтүп, анда муфтий Замир кары Ракиевдин өз каалоосу менен кызматтан кетүү тууралуу жазган арызы каралды. Натыйжада арызы канааттандырылып, Замир кары Ракиев муфтийлик кызматтан бошотулуп, Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин мүчөлүгүнө кабыл алынды.

Ага байланыштуу КМДБнын уставына ылайык, муфтийдин биринчи орун басары Самидин кары Атабаев Кыргызстан мусулмандарынын муфтийинин милдетин аткаруучусу болуп бекитилди.

Муфтияттын ишин ырааттуу жүргүзүп, казыяттарды, аймактардагы хатибияттарды өнүктүрүп, бир топ алгылыктуу иштерди жүзөгө ашыргандыгы үчүн Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Ккеңешинин мүчөлөрү жана муфтияттын эмгек жамааты Замир кары Ракиевге терең ыраазычылык билдирип, мындан аркы ишине ийгилик жана бекем ден соолук каалашты.

856