7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Сапатта» окуучуну сабаган мугалим дагы 7 окуучуга кол көтөргөн

710

Кызыл-Кыяда окуучуну сабаган “Сапат” лицейинин мугалими андан башка дагы 7 окуучуга кол көтөргөн. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Муратбек Касымалиев Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин 29-январдагы жыйынында билдирди.

Ал лицейдеги окуяны иликтөө үчүн министрликте түзүлгөн комиссиянын ишинин жыйынтыгы чыкканын кошумчалады.

“Окуучулардын арасында психологиялык тест жүргүздүк. Анын жыйынтыгында жеке эле бир бала эмес, дагы жети окуучу ошол мугалимден жабыркаган экен”, — деди ал.

25-январда Баткен облустук милициясы аталган лицейде окуучуларга күч колдонгон деп шек саналган 35 жаштагы мугалим кармалып, ага Кылмыш-Жаза кодексинин “Бейбаштык” беренеси менен айып тагылган.

Жыйында Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов шектүү үй камагына чыгарылып, иш тергелип жатканын айтты.

Эске салсак, окуучуга кол көтөргөн мугалим менен тарбия иштери боюнча директорунун орун басары жумуштан алынган.

 

 

711