7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Казакстандын тышкы иштер министрин кабыл алды

523

Президент Садыр Жапаров бүгүн Казакстандын премьер-министринин орун басары — тышкы иштер министри Мурат Нуртлеуну кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Тараптар кыргыз-казак көп пландуу кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүүнүн жана тереңдетүүнүн, ошондой эле соода-экономикалык ишмердүүлүктү активдештирүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашты. Бул максаттарда эки тараптуу кызматташтыктын кеңири спектри боюнча келечектүү долбоорлорду ишке ашырууда күч-аракеттерди бириктирүү сунушталды.

Мамлекет башчысы эки өлкө ортосундагы кызматташтыктын жогорку деңгээлин канааттануу менен айтып, боордош Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда чечилбеген маселелер болбошу керектигин баса белгиледи.

Өз кезегинде Казакстандын премьер-министринин орун басары – тышкы иштер министри Мурат Нуртлеу президент Садыр Жапаровдун мамлекеттин экономикалык жана институционалдык өнүгүүсү боюнча алган курсу оң натыйжаларды берерине ишенимин билдирди.

Ал белгилегендей, Казакстанда боордош Кыргызстандагы окуяларга кылдат көз салып, белгиленген реформаларды ишке ашыруу боюнча стратегиялык багытты толугу менен колдошот.

Жолугушуунун аягында тараптар боордош элдердин жыргалчылыгы үчүн эки тараптуу мамилелердин мындан ары ырааттуу жана жемиштүү өнүгүшүнө ишенимин билдиришти.

524