«Хизбут-Тахрир» ДЭУнун мүчөсүнүн үйүнөн басмакана табылды . Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 30-январда «Хизбут-Тахрир» ДЭУнун «Жети-Өгүз» ячейкасынын активдүү мүчөлөрү А.у.М., Б.К.К., Б.у.Ж., Т.А.Д., А.А.А., Ж.у.Э., К.А.Т., М.А.О., А.у.Э., Ж.Н.Ч., А.М.А., И.у.У. жана А.М.Д. аттуу КР жарандарынын жашаган жеринде соттун санкциясы менен тинтүү жүргүзүлгөн.
Жогорудагы адамдардын жашаган даректеринен “Хизбут-Тахрир” уюмуна таандык түрдүү китепчелер, диний дептерлер, уюлдук телефондор табылган.
Ошондой эле ДЭУнун бир мүчөсүнүн үйүнөн басмакана табылган, алар экстремисттик маанайдагы материалдар басылып, ДЭУнун мүчөлөрүнө таратылган.
Учурда керектүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, тиешелүү экспертизалар дайындалды.