7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров менен Сердар Бердымухамедов эмнени талкуулашты?

426

Бүгүн Кыргызстан менен Түркмөнстандын президенттери Садыр Жапаров жана Сердар Бердымухамедов телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Өлкө лидерлери Кыргызстан менен Түркмөнстандын ортосундагы байланыштардын өнүгүшүнө канааттангандыгын билдирип, ошондой эле мамлекеттер ортосундагы кызматташтык ийгиликтүү улантыларына ишенимин билдиришти.

Садыр Жапаров түркмөн тарапка Бишкек ЖЭБиндеги аварияга байланыштуу гуманитардык жардам көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылыгын айтып, Кыргызстан боордош түркмөн элинин колдоосун сезип жатканын белгиледи.

Мамлекет башчылары биргелешкен аракеттер менен бүгүнкү күндө кыргыз-түркмөн мамилелери стратегиялык өнөктөштүктүн сапаттык жаңы деңгээлине чыкканын өзгөчө белгилеп өтүштү.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Садыр Жапаров менен Сердар Бердымухамедов кыргыз-түркмөн эки тараптуу кызматташтыгынын бир катар актуалдуу маселелери боюнча да пикир алмашты.

427