Токтогул районунун тургуну 1997-жылы туулган келин белгисиз себептерден улам өзү жашаган үйдөгү сарайдын ичиндеги жыгачка пресс жип менен муунуп каза болгон. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.
Окуя 6-февраль күнү саат 20:30 чамасында болгон. Бул факты Токтогул РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, текшерүү иштери башталган. Соттук-медициналык экспертиза дайындалып, бирок жакын туугандары жансыз денени экспертизадан өткөрүүдөн баш тартышкандыктан, акт түзүлгөн.
Учурда келиндин эмне себептен өз өмүрүнө кол салгандыгынын себептерин аныктоо максатында иштер жүргүзүлүүдө.