7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Шакиев манасчы Саякбай Каралаевдин айкелине гүл койду

614

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Мажарстан мамлекетиндеги расмий иш сапарынын алкагында Лакителек аймагындагы фольклордук борборго барып, залкар манасчы Саякбай Каралаевдин айкелине гүл койду.

Алсак, аталган фольклордук борбор Мажарстан мамлекетинин Улуттук ассамблеясынын төрагасынын орун басары Шандор Лежак тарабынан негизделген. Анда мажар элинин маданиятын, руханий баалуулуктарын камтыган иш-чаралар өтүп, байыркы доор менен азыркы учурду айкалыштырган көргөзмөлөр орун алган. Андыктан аталган маданий жайга кыргыздын улуу манасчысы Саякбай Каралаевдин айкелин орнотуу демилгеси көтөрүлүп, былтыр август айында ачылышы өткөн.

Төрага Шакиев демилгени колдогон борбордун жетекчиси, Мажарстандын Улуттук ассамблеясынын төрагасынын орун басары Шандор Лежакка ыраазычылык билдирип: «Фольклордук борбордо залкар манасчынын айкелинин орун алышы, боордош эки мамлекеттин маданий байланышын арттырууга эле өбөлгө түзбөстөн, Мажарстан элинин кыргыз маданияты менен таанышуусуна да көмөкчү болот», — деди.

Андан соң, төрага Нурланбек Шакиев фольклордук борбор менен таанышып, мажар элининин маданий-илимий жетишкендиктерин чагылдырган көргөзмөлөрдү көрүп чыкты.

Эскерте кетсек, манасчынын айкелин белгилүү мажар айкелчиси Дьёрдьи Лантош жасаган.

615