7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ысык-Көлдө тоодо калып калган өспүрүмдөр куткарылды

496

Ысык-Көлдө тоого чыгып, түшө албай калган 4 өспүрүм куткарылды. Бул тууралуу ӨКМден билдирди.

Бир күн мурун, 13-февралда кечинде өспүрүмдөр Бостери айылынын Тегерек жайлоосуна чыгып, алардын бири бутун кокустатып алгандыктан тоодон түшө албай калган.

Өз алдынча тоодон түшүүгө аракет кылган балдар суукта үшүп, жардамга муктаж экендигин билдирген. Мындан улам Ысык-Көл райондук өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынан жерине тез арада 4 куткаруучу авариялык куткаруу унаасы менен жөнөтүлгөн.

Издөөнүн натыйжасында бутунан жаракат алган бала жана шериктери аман-эсен табылып, Чолпон-Ата шаардык бейтапканага жеткирилген.

497