7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Россиядагы мигранттар медициналык камсыздандыруу полисин акысыз ала алат

410

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Россиядагы эмгек мигранттарына милдеттүү медициналык камсыздандыруу (ММК) полисин кантип акысыз алууга болорун айтып берди.

Ушу жылы 15-февралдан тарта Россияда иштеген кыргызстандыктар милдеттүү медициналык камсыздандыруунун санариптик полисин ала алат.

Ал үчүн Малая Полянка көчөсү, үй №7 б.№5 дареги боюнча министрликтин Москва шаарындагы өкүлчүлүгүнө кайрылуу керек. Каттоо ар бейшемби күнү саат 11:00 дөн 17:00 гө чейин жүргүзүлөт.

Алуу акысыз. Төмөнкү документтердин түп нускаларын гана көрсөтүү керек (18 жаштан баштап чет өлкөлүк жарандар үчүн):

— чет өлкөлүк жарандын паспорту;
— эмгек келишими (жарандык укуктук келишим эмес, контракт эмес, ж. б.);
— жеке эсептин камсыздандыруу номери (ЖЭКН- СНИЛЗ) (сөзсүз);
— чет өлкөлүк жарандын келүүсү жөнүндө кабарлоо бланкынын айрыма бөлүгү.

Милдеттүү медициналык камсыздандыруунун санариптик полиси:

— Россиянын бардык аймагында акысыз медициналык жардам алууга;
— диспансеризациядан жана профилактикалык текшерүүдөн өтүү;
— адистештирилген медициналык жардам алуу үчүн дарылоо мекемелерин тандоо.

 

411