7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Төрөттөн каза болгон келин. Оорукананын директору, орун басары жана башкы медайым жумуштан бошотулду

644

Төрөт учурунда каза болгон аялдын өлүмүнө байланыштуу Жайыл аймактык ооруканасынын директору кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдирди.

Жайыл аймактык ооруканасында төрөт учурунда каза болгон аялдын өлүмү боюнча министр Алымкадыр Бейшеналиевдин 12-февралдагы тапшырмасы менен, Саламаттык сактоо министрлигинде кызматтык иликтөө жүргүзүү жана өлүмдүн себептерин аныктоо боюнча комиссия түзүлгөн.

Саламаттык сактоо министрлигинин 14-февралдагы №42 буйругу менен Жайыл аймактык ооруканасынын директору ээлеген кызматынан бошотулду.

Мындан тышкары директордун дарылоо боюнча орун басары жана башкы медайым ээлеген кызматтарынан бошотулду. Ошондой эле ал эми аймактык оорукананын төрөт бөлүмүнүн башчысы окуянын чоо-жайы аныкталганга чейин кызматынан убактылуу четтетилди.

645