7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чет элдик жарандан 2 млн сом пара талап кылган милиция кызматкери кармалды

570

Ош облусунун Ички иштер башкармалыгынын бөлүм башчысы АКШ жаранынан акча талап кылып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдирди.

2023-жылдын декабрь айынын аягында АКШ жараны Ош облусунун ИИБнын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн бөлүм башчысы зордуктоо, коркутуу жана шантаж кылуу фактысы боюнча чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. Бирок, милиция кызматкери кылмыштуу кол салууга бөгөт коюп, мыйзамда белгиленген чараларды көрүүнүн ордуна, экинчиси менен кылмыштуу бүтүмгө кирип, ал аркылуу АКШнын жаранын шантаж кылуу менен 2 миллион сом өлчөмүндө акча талап кылууну уюштурган. ОШ ШИИБнин козгогон кылмыш ишинин алкагында акча каражаттарын алып жатканда, бөлүм башчы пара менен кармалган.

Учурда кылмыш иши тергөө үчүн Ош облусу боюнча башкармалыгына өткөрүлүп берилип, кармалган жаран УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

 

 

 

571