7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Аба ырайына байланыштуу үч унаа жолу убактылуу жабылды

651

Өлкөдөгү туруксуз аба ырайына байланыштуу кырсыктардын алдын алуу жана адам өлүмүнө жеткирбөө максатында, үч унаа жолу убактылуу жабылды. Бул тууралуу ӨКМден билдирди.

Алар:

  • Бишкек – Нарын –Торугарт унаа жолунун 194-чакырымынан 168-чакырымына чейин (Кочкор району);
  • Ала-Бука –Жаңы-Базар – Кировка унаа жолунун 34-101 жана Красная Горка –Ак-Таш унаа жолунун 0-4-чакырымдары (Чаткал району);
  • Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайку унаа жолунун 101-107-чакырым аралыгы (Кара-Кулжа району).

Учурда кар катуу жаап жаткандыгына байланыштуу жолду тазалоо иши аба ырайы турукташканга чейин токтоп турат.

Белгилей кетсек, 18-февралга чейин аба ырайы кескин өзгөрүлүп, өлкөнүн аймактарында мезгил-мезгили менен кар жаашы жана кар күрткүсү күтүлүүдө. Мындан улам ӨКМ зарылчылык болбосо, алыскы жолго чыкпай турууну сунуштайт.

 

652