7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Элден акча чогултуп келген Калкты каттоо департаментинин кызматкери кармалды

623

Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаментинде системалуу түрдө мыйзамсыз акча чогултуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдирди.

Ош облусундагы Кара-Суу райондук Жарандык абалдын актыларын каттоо, калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнүн кызматкери С.З.Ш. мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү үчүн жарандардан системалуу түрдө акча каражатын чогултуп келген.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүгүндө (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) каралган кылмыш белгилери боюнча айып тагылды.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө иштери уланууда.

624