Кызыл-Кыяда түн ичинде унааны тартып алып, тоноочулук кылган үч жигит кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдирди.
24-февраль түнү саат 02:00 чамасында Кызыл-Кыя шаарынын көчөлөрүнүн биринде ошол эле шаардын 24 жаштагы тургуну өзүнө таандык Opel Vectra үлгүсүндөгү унаасы менен бара жатканда, бейтааныш 3 бала аны токтотуп телефонун жана унаасын ачык эле коркутуп тартып алып, изин жашырып кетишкен.
Жабырлануучу ошол эле түнү жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын кызматкерлерине жолугуп, окуяны түшүндүрүп берет. Кызматкерлер издөө иштерин жүргүзгөндө анын унаасын айдап качкан жаран шаардын көчөлөрүнүн биринде жол кырсыгына кабылган.
Кылмышка шектүү катары Кызыл-Кыя шаарынын 3 тургуну аныкталып кармалды. Учурда кармалган жарандар тергөө кызматына өткөрүп берилип, тергөө иштери уланууда.