Токтогул милициясы адам өлтүрүү фактысынын бетин изин суутпай ачты. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдирди.
28-февралда саат 13:57 чамасында Токтогул районундагы үйлөрдүн биринде киши колдуу болгон 35-40 жаштар чамасындагы эркек адамдын сөөгү табылган.
Окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Адам өлтүрүү» беренеси менен кылмыш иши козголуп, соттук-медициналык экспертиза дайындалган.
Жүргүзүлгөн иликтөөнүн натыйжасында шектүү катары Токтогул районунун жана Талас облусунун Бакай-Ата районунун тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Шектүүлөр Токтогул районундагы үйлөрдүн биринде спирт ичимдигин ичип отурушуп, сөз талашып уруша кеткен. Үчөөлөп каза болгон адамды сабап, окуя болгон жерден кетип калышканын айтышкан.
Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.