7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Профессор Сулайман Кайыпов: Идеологиянын кереги жок деген өзү – атайын идеология

507

Улуттук илимдер академиясынын Философия институтунун башкы илимий кызматкери профессор Сулайман Кайыпов: Президенттин тескемеси менен жакында атайын эксперттер тобу түзүлдү, ага мени да киргизип коюптур. Күзгө чейин жалпы улуттук идеологиянын негиздери боюнча сунуштарды айтып, аларды бириктирип-айкалыштырып, бир жыйынтык чыгарууга аракеттер көрүлмөкчү. Идеологиянын ар башка деңгээлдеги ар башка түрү болот, алардын эң маанилүүсү – улуттук, же тактап айтканда, мамлекеттик идеология.

СССР – коммунисттик идеяны туу туткан идеологиялык мамлекет болгон жана ал чачырагандан бери коомдо – эч кандай идеология болбош керек деген пикир үстөмдүк кылып келди, бирок идеологиясы жок мамлекеттин өнүгүүсү кыйын, коомдук бирикмелер менен саясий партиялар, бийлик өзү, башка түзүмдөр, деги эле баардык жарандар бир багытты көздөп, бир баалуулуктарды барктап аракеттенбесе, коом чаржайыт болуп, атомдошуп кетиши мүмкүн. Ошондуктан, идеологиянын кереги жок деп таңууланган пикир – коомдун өнүгүүсүнө балта чапкан өзүнчө бир атайын идеология десе да болот.

508