-
Москва убактысы боюнча саат 18:54тө төрт кылмышкер «Рено» автоунаасы менен «Крокуска» келип, элдин топтолушун күтүп турган;
-
саат 19:58де куралчан террорчулар көчөдөгү көрүүчүлөргө ок чыгара баштаган;
-
алар имараттын кире беришине, андан кийин концерттик залга кирип, жолунан чыккандарды ылгабай аткылап кирген;
-
бөтөлкөгө куюлган бензин менен имаратты өрттөп, саат 20:11де чыгып кетишкен;
-
чыгып баратып жолдогу өтмөктөн эки баласы менен бараткан үй-бүлөнү сүзүп кетишкен. Оор жаракат алган балдар азыр ооруканада;
-
кол салгандардын баары Россия-Украина чек арасына алып барчу Брянск облусунан кармалган;
-
Окуя болгон жерде АК-74 үлгүсүндөгү эки автомат, 500дөн ашык ок, 28 октолгон магазин, түбүндө бензини калган бөтөлкөлөр табылган;
-
айыпталуучулар жашаган батирди тинтүү учурунда алардын манжа издери, ошондой эле кол салууда колдонулган чүпүрөк менен куралдардын бөлүкчөлөрү табылган;
-
айыпталуучулардын баары күнөөсүн мойнуна алып, ошондой эле терактыны жасоого буюртма бергендер менен көмөк берген адамдар тууралуу көрсөтмө берип жатышат.
«Крокустагы» терактынын хронологиясы
