7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Митинг өткөрүүгө коюлган чектөө кайрадан узартылды

362

Бишкекте митинг өткөрүүгө коюлган чектөөнүн мөөнөтү кайрадан узартылды.

Мүмкүн болгон массалык баш аламандыктарды болтурбоо жана бөгөт коюу максатында, ошондой эле «Тынч чогулуштар жөнүндө» КР мыйзамын жетекчиликке алуу менен Биринчи май районунун акимиаты митинг өткөрүү жерлерин чектөөнү кайрадан убактылуу узартуу арызы менен райондук сотко кайрылган. Сот арызды канааттандырган.

Төмөнкү жерлерде митинг өткөрүүгө болбойт:

  • Ала-Тоо аянтында;
  • Жогорку Кеңештин имаратынын алдында;
  • президенттин администрациясынын жанында;
  • Т.Турсунбаева скверинин аймагында, Россия Федерациясынын элчилигинин, Жогорку соттун, УКМК жана ИИМ имараттарынын жанында.
363