7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Көлбаевдин кылмыштуу тобунун мүчөсү жасалма доллар менен кармалды

592

Жасалма акча каражаттарын сатууга аракет кылган жаран кармалганын УКМКдан билдирди.

УКМК тарабынан Камчы Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү, Тоң районунун 1975-жылы туулган тургуну 100 АКШ доллары номиналындагы жасалма акча каражаттарын мыйзамсыз адалдоо иш-аракеттери үчүн кармалды.

8-апрелде Кылмыш-жаза кодексинин 233- акча жана баалуу кагаздарды жасалмалоо беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында шектүү жаран, “А” атайын кызматынын кызматкерлери менен биргеликте жасалма банкнотторду сатууга аракет кылып жаткан жеринен кармалды.

Тинтүү учурунда шектүүнүн жанынан 19 800 АКШ доллары өлчөмүндөгү жасалма акча табылган. Учурда ал 1 айга УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Анын кылмыштуу байланыштарын аныктоо боюнча ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

 

593