7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бүгүн Акжол Махмудов баштаган балбандар килемге чыгат

625

Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпионатынын алкагында бүгүн грек-рим күрөшү боюнча мелдештер старт алат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдирди.

Күрөштүн бул түрү боюнча бүгүн жалпысынан 5 медаль топтому ойнотулат. Кыргызстандын намысын 55 кг, 63 кг, 77 кг, 87 кг жана 130 кг чейинки салмак ченинде 5 спортчу коргойт.

Чүчү кулактын негизинде 55 кг чейинки салмакта Улан Муратбек уулу биринчи айлампасын өткөрүп 1\4 финалдык баскычынан баштайт. Анын атаандаштары Баошен Хуан (Кытай) жана Ю Чол Ро (Түндүк Корея) аттуу спортчулардын беттешинен кийин билинет. Ата мекендик спортчу жеңүүчүсү менен күч сынашат. 63 кг чейинки салмакта Дастан Кадыров 1\8 финалдан баштайт. Анын атаандашы өзбекстандык Исломжон Бахрамов болот.

Акжол Махмудов 77 кг чейинки салмакта 1\4 финалдан баштайт. Атаандашы Темулеен Энтхуя (Монголия) жана Ибрагим Магомадовдун (Казакстан) беттешинен кийин белгилүү болот. 87 кг чейинки салмакта Атабек Азисбеков 1\8 финалдык баскычта монголиялык Турболд Ганболд менен күч сынашат.

Ал эми 130 кг чейинки салмак ченинде Эрлан Манатбеков биринчи айлампаны өткөрүп, чейрек финалдан баштайт. Атаандашы Мансур Шадукаев (Казакстан) жана Айбегшазада Кураевдин (Түркмөнстан) беттешинен кийин билинет.

Мелдештер «Бишкек Арена» шаардык муз аянтчасында 11:00дө башталат.

 

626