7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Азия чемпионатында кыргыз балбандар 2-орунду алышты

518

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама команда Бишкекте өткөн Азия чемпионатында командалык эсепте 2-орунду ээледи. Аталган таймашка жыйырма өлкөнүн тандалган балбандары катышты.

Учурда Кыргызстандын капчыгында 5 медаль бар (1 алтын, 2 күмүш жана 2 коло).

Алтын медалды Жоламан Шаршенбеков (60 кг) жеңсе, күмүш байгени Раззак Бейшекеев (67 кг) жана Акжол Махмудов (77 кг) багындырды. Коло медалга Улан Муратбек уулу (55 кг), Бекзат Орункул уулу (82 кг) жана Эрлан Манатбеков (130 кг) татыды.

Эске салсак, грек-рим күрөшү боюнча мелдештер 15-16-апрель күндөрү “Бишкек Арена” шаардык муз аянтчасында өттү. Анда жалпы 10 медаль топтому ойнотулуп, ата мекендик спортчулар 10 салмак ченинде күч сынашты.

519