7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кореяда IT тармагында билим алган Сауле

514

Ар тараптан өнүгүү азыркы замандын талабы. Көздөгөн максатыңа жетүү үчүн билим алуу чоң эмгекти талап кылат. Бүгүнкү каарманыбыз Кореяда IT тармагын окуп жаткан 19 жаштагы Сауле Мыктыбекова менен жакындан тааныштык.

Саламатсызбы, Сауле! Алгач өзүңүз жөнүндө маалымат бере кетсеңиз.

Саламатсызбы, менин атым Сауле. Чүй облусундагы Чүй районунун Кош-Коргон айылында төрөлгөм. Үй бүлөөдө үч бир тууганбыз, үйдүн улуу кызымын. 7 жыл Байдылда Маленов атындагы орто мектепте билим алып, кийин Туйту Каракеев атындагы орто мектебине которулуп, ал жактан 11-классты аяктадым. 2023-жылы Кореядагы “Кёнминде” университетине тапшырып, учурда ошол университетте IT тармагында окуп жатам.

Кореяга окууга кантип өтүп калдыңыз? Корея өлкөсүнө баруу кыялыңыз беле?

Мектепте окуп жүргөндө эле корей тилине кызыгып, курстарга барып баштадым. Кореяда жүргөн тааныштарымды соцтармактардан көрүп, ал жактагы жашоого болгон кызыгуум күндөн-күнгө арта баштады. Маданиятын, кооз жерлерин, менталитетин, тамактарын барып өз көзүм менен көргүм келди. Андан соң алдыга максат коюп, тилди жакшы өздөштүрүп баштадым. Кыргызстандан тест тапшырып окууга өтүп калдым. Белгилей кетүүчү нерсе азыркы күндө дүйнө жүзүндө IT тармагынын орду чоң жана алар жогорку маяналарды алышат. Андыктан мен дагы бул тармакка кызыгып тапшырып калдым.

Корей тилин үйрөнүү, деги эле бөтөн өлкөдө жүрүү сиз үчүн кыйын болдубу?

Ооба, тил үйрөнүү мен үчүн оор болду. Себеби ал кезде өзүм да мектеп окуучусу болгондуктан сабактарыма да барып, курска да барып эки жакты тең алып кеткенге бир аз кыйын болду. Азыр болсо корей тилинде эркин сүйлөп, адамдар менен кенен баарлаша алам. Бул жакка алгач келгенде көнө албай жүрдүм. Эми кантсе да чоочун эл, чоочун жер дегендей. Эч кимди тааныбайсың, мекенимди, үй бүлөмдү сагынып жүрдүм. Окуп баштаганда гана көптөгөн досторду таптым, алар менен тез баарлашып кеттим. Ии баса алар да биздин өлкөбүзгө абдан кызыгышат. Кыргызстандын тоолоруна суктанышат. Биздин өлкөгө барам деген ойлору бар.

Окуу жайыңыздын шарттары кандай? 

Эң маанилүүсү бул жакта «сабактарды акча берип бүтүрүп алам»,- деген түшүнүк жок. Өз күчүң менен гана аракет кылып билим аласың. Университеттин жатаканасы бар, бардык шарттар түзүлгөн. Студенттер үчүн атайын автобустар да бар.

Корей студенттеринин өзгөчөлүктөрү кандай экен?

Корейлер балдарына кичине кезинен баштап ментор жалдап окутушат. Аларга «окуш керек» деген түшүнүк бала кезинен бери эле сиңип калган. Кыргыздардан айырмаланып турган жери билим алуу үчүн жаш курагына чек коюлбагандыгында. Ошондой эле алар убакытты туура пайдаланып, план менен жашагандыгында. Корей балдары өз алдынча издене билишет, китеп алгандан акчасын аябайт, көп окушат жана алдына максат койсо, ошол нерсеге жетүү үчүн болгон күч-аракетин жумшайт.

Бош убактыңызда эмне менен алексиз?

Кореянын кооз жерлерин көргөнгө аракет кылам. Окуудан тапшырмаларды көп бергендигине байланыштуу убактым ошол жакка кетет. Сейилдегенди жакшы көрөм. Көптөгөн китептерди окуп, билимимди дагы да кеңейткенге аракет кылам жана спорт менен машыгып, ден-соолугума кам көрөм.

Сиздей болуп билим алам деген жаш өспүрүмдөргө кандай кеңеш бересиз?

Эң алгач тил үйрөнгүлө демекчимин, канча тил билсең ошончо дил билесиң. Талыкпай билим алып, дайыма изденүүнүн үстүндө жүргөнгө аракет кылышса ийгиликтерди багындырышат. Убактыңарды туура пайдаланып, көп китеп окугула…Учурдан пайдаланып сиздерге дагы ыраазычылык билдирем, ишиңиздерге ийгилик!

Маегиңиз үчүн рахмат! Окууларыңызга ийгилик!

 

515