7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эки өлкөнүн президенттери Физули жана Агдам шаарларын өнүктүрүүнүн башкы планы менен таанышты

391

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-апрелде, Азербайжан Республикасына болгон мамлекеттик сапардын алкагында президент Ильхам Алиев менен биргеликте Физули жана Агдам шаарларын өнүктүрүүнүн башкы планы менен таанышты.

Физули шаарына барганда мамлекет башчыларына калктуу конушту жана ага чектеш аймактарды калыбына келтирүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалымдашты.

Президенттер шаардын жаңы көрүнүшүн, келечектеги административдик борбордун эскиздерин жана долбоорлорун, шаардык паркты жана башка маанилүү объектилер менен таанышты.

Физули шаарын кыдыргандан кийин Мамлекет башчылары Агдам шаарына барып, калыбына келтирилүүчү шаардын келечектеги борборунун долбоору менен таанышты. Президенттер Агдамга барганда Карабах хандыгынын негиздөөчүсү Панахали хандын сарайы жана анын мүрзөсү жайгашкан 18-кылымдагы сарай комплексине барышты.

Комплекстин аймагын карап чыккандан кийин Президенттерге Азербайжан тукумундагы жылкылар көрсөтүлдү, хан заманында ал жерде аттар сатыкка коюлчу экен.

Андан соң Президенттер Агдамдагы «Жума» мечитинде, ошондой эле конференц-борбордо болуп, анда Мамлекет башчыларына шаар жөнүндө презентация жасалды.

Мындан тышкары, Кыргызстандын жана Азербайжандын лидерлери байыркы «Шахбулаг» чебинде болушуп, аны калыбына келтирүү иштери менен таанышты.

 

 

392