7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Үч жашар өгөй кызын уруп-сабоого шектүү жаран кармалды

349

Ысык-Атада 3 жашар өгөй кызын уруп-сабоого шектүү жаран кармалды.

Чүй облустук милициясынан билдиришкендей, 29-апрелде саат 14:20 чамасында Ысык-Ата райондук милициясынын нөөмөт бөлүмүнө Ысык-Ата аймактык ооруканасынан билдирүү түшүп, анда Буденовка айылынын 3 жаштагы Р.Н. аттуу тургуну денесинен ар кандай жаракаттары алып, ооруканага түшкөндүгү айтылат.

Аталган факт Ысык-Ата райондук милициясына катталып, КР КЖКнын 138-беренесинде көрсөтүлгөн (Уруп-сабап кыйноо) кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө Р.Н. аттуу кызды өгөй атасы 1996-жылы туулган М.Р. аттуу жаран уруп-сабагы аныкталган.

Натыйжада М.Р. аттуу жаран КР КЖПКнын 96-беренесинин талаптарына ылайык, аталган кылмыш иши боюнча шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда соттук экспертизалар дайындалып, тийиштүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

350