7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто Жеңиш майрамы салтанаттуу белгиленди

636

Бүгүн Ош шаарынын борбордук аянтына Улуу Жеңиштин 79 жылдыгы салтанаттуу белгиленди.

Иш-чарага Улуу Ата Мекендик согуштун, ооруктун ардагерлери, күч түзөмдөрүнүн кызматкерлери жана шаар тургундары катышты.

Алгач Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондор эскерилип, “Өчпөс от» мемориалдык комплексине гүл чамбарлар коюлду.

Андан соң борбордук аянтта Ош шаардык маданият башкармалыгы тарабынан даярдалган, чыгармачыл топтордун, эстрада ырчыларынын, көркөм чыгармачылык жааматтарынын катышуусунда театралдык, маданий концерттик программа тартууланды.

Шаар башчысы Бакытбек Жетигенов Улуу Жеңишти алып келген ардагерлердин согушта көрсөткөн эрдиги кайраттуулуктун жана каармандыктын бийик үлгүсү экенин белгилеп, Ош шаарынын мэриясынын атынан куттуктап сөз сүйлөдү.

Иш-чаранын алкагында Т.Сатылганов атындагы эс алуу багында ардагерлер үчүн «Аскердик талаа ашканасы» уюштурулуп, сый-тамак тартууланды.

Белгилей кетсек, Улуу Ата Мекендик согушка Ош шаарынан 14 621 адам чакырылган. Анын ичинен 3118 жоокер курман болуп, 401 жоокер дайынсыз жоголгон. Бүгүнкү күндө Ош шаарында согуштан аман кайткан Улуу Ата Мекендик согуштун 1, ооруктун 5 ардагери жашайт.

637