7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Прокуратура шайлоо процессинин катышуучуларын мыйзам талаптарын так сактоого чакырат

680

Прокуратура шайлоо процессинин катышуучуларын мыйзам талаптарын так сактоого чакырат. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 11-апрелде жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо дайындалган.

Прокуратура органдары аталган шайлоодо мыйзам талаптарынын так сакталышы боюнча тийиштүү иштерди жүргүзүп, жалпыга маалымдоо каражаттарына, интернет булактарына жана социалдык тармактарда мониторинг жүргүзүүдө.

«Үгүт жүргүзүүгө, ар кандай үгүт материалдарын чыгарууга, таратууга мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчылар, атайын мамлекеттик жана саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдар. Шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, байкоочулар, эл аралык байкоочулар, диний ишмерлер, кайрымдуулук иши менен аракеттенген уюмдарынын уюштуруучулары жана мүчөлөрү, өспүрүмдөр, чет өлкөлүк жарандар, уюмдар, жарандыгы жок адамдар укуксуз экендигин Башкы прокуратура эскертет.

Өз учурунда прокуратура жана башка укук коргоо органдары шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна бөгөт коюу боюнча чараларды көрөт. Шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүүдө улуттук, этностук, расалык, диний, регион аралык жек көрүүнү, кодулоого чакырган гендердик жана башка социалдык артыкчылыкты пропагандалоого же бийликти басып алуу, конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүү, мамлекеттин бүтүндүгүн бузуу чакырыктарын жасоого, кандай гана формада болбосун шайлоочулардын добушун сатып алууга тыюу салынгандыгын шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка катышуучуларына түшүндүрүп, мыйзам талаптарын так сактоого чакырабыз», — деп жазылат маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

681