Аксы районунун Кара-Камыш айылында катталган кырсыктын кесепетин жоюуга тартылган күч-каражаттардын жардамында 56 турак үйдүн короо-жайы толугу менен тазаланып бүттү.
Сары-Челек айыл өкмөтүнүн Аркыт айылында Кара-Жыгач – Сары-Челек авто жолунун болжол менен 2,5 чакырым аралыгы, ошондой эле Сарай-Сай сайынан түшкөн сел суулары ички чарбалык авто жолун каптаган. Мындагы суу жууп кеткен тилкелер калыбына келтирилип, жол каттамында унаалар тоскоолдуксуз өтүүдө.
Жеринде ӨКМдин орун басары Эделбек Кулматов сел түшкөн аймактарды көрүп кооптулукту алдын алуу үчүн тиешелүү тапшырмаларды коюуда.