7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Наргиза Токтасинова: Жеке менчик ишканалардын максаты киреше болсо, «Кыргызфармацияныкы» – элдин ден соолугу

715

«Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары Наргиза Токтасинова: Биздин мамлекеттик ишкананын түзүлгөнүнө бир жылдан ашып баратат, бул убакытта биз дары-дармек чыгарган ишканалар менен түз байланышып, алардын дарыларын Кыргызстанга алып келе баштадык. Мурда бул ишти жеке менчик фармкомпаниялар аткарып келген, бирок алардын негизги максаты – киреше табуу болгондуктан, кээде дары баалары 100 пайыздан ашык, 2-3 эсеге көтөрүлүп кетчү.

Былтыр күздөн тартып, «Кыргызфармациянын» филиалы катары «Эл Аман» мамлекеттик дарыканалары ачыла баштады, алардагы дарылардын баасы жеке менчик аптекалардыкынан бир кыйла төмөн, анткени алар дары баасын койгондо, жалпы чыгымга 5 пайыздан ашык кошпойт. Дары-дармек тармагында чыныгы атаандаштык пайда болгондуктан, жеке менчик дарыканалар дагы акыркы мезгилде айрым дарылардын баасын төмөндөтө баштады. Дарылоо жана деги эле медицина тармагына жакшы мамлекеттик көзөмөл керек…

716