7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чүйдө диний-экстремисттик агымдын 16 мүчөсү кармалды

369

Чүй облусунун аймагында «Йакын-Инкар» диний агымынын активдүү мүчөлөрү жана жактоочулары кармалды.

Чүй облусунда тыюу салынган “Йакын-Инкар” диний агымынын активдүү мүчөлөрү жана жактоочулары жашаган жеринде издөө иштерин жүргүзүп, алдын ала маалыматтар боюнча экстремисттик идеологияны үгүттөөчү көп сандагы басылмалар, электрондук маалымат каражаттары (компьютерлер, флешкалар ж.б.) табылып алынган.

Жыйынтыгында тыюу салынган кыймылдын 16 мүчөсү кармалып, алардын ичинен өзүн мусулмандардын «халифасы» деп эсептеген М.Б.М. Кылмыш-жаза кодексинин 331-беренесинин 2-бөлүгүнүн (Экстремисттик уюмду түзүү жана каржылоо) негизинде айыпталуучу катары тартылып, Юстиция министрлигинин алдындагы жазаларды аткаруу кызматынын №1 тергөө камак жайына киргизилген.

Калган жарандарга тиешелүү чаралар көрүлүүдө.

 

370