18-июнь күнү, Чоң-Алайда болгон жол кырсыгы үч адамдын өмүрүн алды. Анда Daewoo Nexia менен Mercedes-Benz Sprinter кагышканын Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы кабарлады.
Жеңил унаа микроавтобус менен сүзүшкөндөн кийин экиге бөлүнүп кеткен. Каргашадан 22 жаштагы айдоочу менен эки жүргүнчүсү көз жумган. Бусту 46 жаштагы киши айдап бара жатканы белгилүү болду.
Учурда автоунаалар айып короого киргизилип, тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.