Каржы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Адилет Дубанаев коррупция фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирет.
“Салыктык башкарууну жана статистикалык системаны модернизациялоо” долбоорун ишке ашыруунун жүрүшүндө Мамлекеттик салык кызматынын кызмат адамдары жана башка кызыктар тараптан 4 миллион 878 миң 894 АКШ доллары суммасында товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуулар жүргүзүлүп, анда компьютердик техниканын, тармактык жабдуулардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн айрым позицияларынын наркы жүздөгөн эсеге жогорулаган.
Маселен, 421 АКШ долларына (37 миң сомго) туташтыргычтары бар кадимки электр узарткыч (удлинитель) сатылып алынган. Баасы 20 сомдон ашпаган туташтыргыч (коннектор) 11 долларга (960 сом) сатылып алынган жана 207 АКШ долларына (18 миң сомго) болжол менен 3500 сомдук кеңсе отургучу алынган. Жыйынтыгында мамлекетке 1 миллион 267 миң 668 АКШ доллар (110 миллион сомдон ашык) зыян келтирилген.
Эл аралык донорлор тарабынан республикада өнөр жайларды өнүктүрүүгө бөлүнгөн каражаттар мамлекеттик кызматкерлер тарабынан көптөн бери уурдалып, долбоорлор талаптагыдай ишке ашпай келген.
Ачык маалымат булактарга таянсак кармалган аткаминер төраганын орун басары Думанаев Адилет Садырбекович. Ал 2021-жылы Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалган эле.