Бүгүн Нарында өтүп жаткан «Кыргыз шырдагы-XV» эл аралык фестивалында 200дөн ашык шырдак сынакка коюлду. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдирди.
Фестиваль алгач Нарын районундагы As A Nomad этнокомплексинде улуу «Манас» баяны баштаган маданий иш-чара менен ачылып, кол өнөрчүлөрдүн салтанаттуу жүрүшү менен коштолду.
Аркан тартыш, кол күрөш, таяк тартыш, тогуз коргоол, салбуурун сыяктуу улуттук оюндар, кол өнөрчүлөрдүн мастер-класстары, улуттук саркеч кийимдердин мода көргөзмөсү көрсөтүлдү. Ошондой эле, «Алма-Бак» сейилбагында кол өнөрчүлүк буюмдарынын жана айыл чарба азык-түлүктөрүнүн жарманкеси өтүп жатат. Фестивалдын салтанаттуу ачылыш аземи кечки саат 21:00дө башталып, чоң программадагы гала концерт, фейерверк менен коштолот.
Эл аралык фестивалга Турция, Япония, Швейцария, Араб Эмираттары, Өзбекстан, Казакстандан меймандар жана Кыргызстандын аймактарынан келген 200гө жакын кол өнөрчүлөр катышууда.