7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Акылбек Жапаров селден жабыркагандарга акча чогултуунун кажети жоктугун айтты

571

Акылбек Жапаров Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Ноокат районундагы өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюунун жүрүшү менен таанышты.

Ал Ноокаттагы селден жабыркагандарга өз алдынча акча чогултуунун кажети жоктугун айтты. Анын айтымында, мамлекет жаратылыш кырсыгынын кесепетин жоюу үчүн болгон күчүн жумшап жатат, ресурстар жана каражат жетиштүү.

“Мындай учурда мекенчилдик сезим ойгонуп, кыргыздын бириге калган жакшы касиети бар. Соцтармакта азык-түлүк, каржылык жардамдарды чогултуу демилгесин көтөрүп, ар ким өз алдынча эсеп ачкандарды көрүп жатабыз. Сиздерге кайрылганыбыздын себеби — ар кимдин өз алдынча акча чогултуусунун кажети жок. Мындай учурдан алдамчылар да пайдаланып кетүүсү толук ыктымал. Адам күчү же техника менен кол кабыш кылуу ниети бар жарандар Оштогу штабга кайрылса болот”, — деди өкмөт башчы.

МинКаб башчысы Ош облусунун жетекчилигине жана тиешелүү мекемелерге өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу, калктын коопсуздугун камсыз кылуу жана кесепеттерин жоюу жапа чеккендерге зарыл жардамды көрсөтүү боюнча конкреттүү тапшырмаларды берди.

 

572