7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эки журналист пара талап кылууга шектелип кармалды

376

Эки журналист кесиптик ишмердигинен пайдаланып пара талап кылгандыгы үчүн кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Журналисттер Кайгуул күзөт башкармалыгы менен чогуу жол кыймылынын эрежелерин бузган айдоочуларга каршы рейдге чогуу чыгып, рейд учурунда тартылган видеоматериалдарды кийин айдоочуларды шантаж кылуу жана опузалап акча талап кылуу үчүн колдонуп келишкен. Жарандар аргасыз алар талап кылган сумманы берүүгө мажбур болушканы жазылган.

Тергөө иштеринин алкагында журналисттер Ж.Н.А. жана И.T.M. шантаж жана коркутуу жолу менен мамлекеттик кызматкерден анын катышуусундагы видеоматериалды жок кылуу үчүн акча талап кылышканы аныкталган. Ошол эле учурда, алар өздөрүнүн аракеттерин мыйзамдуу көрсөтүү үчүн, алардын алдында карызы бар экендиги жөнүндө тилкат жазууга мажбурлашып, автоунаасын мыйзамсыз ээлеп алышкан.

9-июль күнү аталган адамдар 2000 АКШ доллары өлчөмүндөгү акча алып жаткан жеринен кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда бул фактыга тиешеси бар кызмат адамдарын аныктоо иштери жүрүп жатат.

Атайын кызмат жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү тарабынан өзүнүн кесиптик ишмердүүлүгүн пайдалануу аркылуу акча каражатын опузалоо менен мыйзам бузууга жол берилбестигин эскертип, мындай фактылардан жабыркаган жарандарды УКМКга кайрылууга чакырган.

377