7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Олимпиадада Өзбекстандын курамасынын башкы машыктыруучусунун жүрөгү токтоп калган

413

8-августта Париждеги Олимпиада оюндарында Өзбекстандын бокс боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу Тулкин Киличевдин жүрөгү токтоп калган. Бул тууралуу Sky Sports басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, мушкер Хасанбой Дусматов финалда жеңишке жеткенден кийин Киличев мушкерлер машыккан жерде эс-учун жоготкон. Улуу Британиянын курамасынын дарыгери Хардж Сингх жана физиотерапевт Робби Лилис жардамга барышкан. Алар дефибрилляторду колдонууга туура келген.

«Машыктыруучу эс-учун жоготкон абалда болчу. Хардж жасалма дем алдыруу кылып, болжол менен 20-30 секунддан кийин өзүнө келди» — деген Лилис. 

Тулкин Киличев кийин ооруканага жеткирилип, учурда анын абалы туруктуу.

 

414