7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкектеги соода борбордо кызды жылан чаккан

465

Бишкектеги соода борбордун биринде 15 жаштагы кызды жылан чаккан. Бул тууралуу видео соцтармакка тарап,  маалыматты Ленин РИИБден тастыкташты.

«Аталган факты Ленин РИИБге каттоого алынып, тергөөгө чейинки териштирүү иштери жүрүп жатат. Териштирүүнүн жүрүшүндө соода борбордун администратору төмөндөгүлөрдү билдирген. 12-августта болжол менен саат 20:00 чамасында кыз ага барып, медайым чакырып берүүнү суранган. Ал зоопарк кызматкеринин колун жылан чагып алганын айткан. Медайым биринчи жардам көрсөтүп, кызды ооруканага жеткиришкен. 2009-жылы туулган жашы жете элек кыз да суралган. Ал ошол күнү саат 19:00дөн 21:00гө чейин зоопарктын кызматкеринин ордуна чыкканын, саат 20:15 чамасында аны жылан чагып алганын айткан. Аталган факты боюнча колун жылан чаккан, жашы жете элек кыздын атасы арыз жазуудан баш тарткан. Тергөө уланууда»,- деп берилет маалыматта.

IMG_6017

 

466