7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Индия коронавируска каршы вакциналарды экспорттоону токтотту

636

Индия өлкөсү жергиликтүү заводдордо өндүрүлгөн коронавируска каршы вакциналарды экспорттоону убактылуу токтотту. Буга өлкөдөгү коронавирус инфекциясынан жабыркагандардын санынын кескин өсүшү себеп болгонун чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Анда айтылгандай, экспорттун үзгүлтүккө учурашы Индиядагы эмдөө планынын кеңейиши менен байланыштуу. Аталган мамлекет өз жарандарын эмдөөнү тездетүүнү көздөп жатат. Тактап айтканда, өлкө бийлиги Индиянын вакцина институту (SII) чыгарган «AstraZeneca» вакцинасынын экспорттолушун убактылуу токтотууга ниеттенүүдө.

«Индиядагы эпидемиологиялык абал турукташмайынча эч кандай экспорттоо болбойт. Өтө көп жарандарыбыз эмдөөгө муктаж болуп турганда өкмөт мындай тобокелчиликтерге бара албайт», — деп айтышкан өкмөттөн.

Индия мамлекетинин бул кадамы Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму тарабынан колдоого алынган эл аралык COVAX демилгеси аркылуу вакцина менен камсыз кылууга таасирин тийгизет. Тагыраагы, аталган программа иштеп жаткан 190го жакын өлкө жабыр тартышы мүмкүн.
Буга чейин «AstraZenecа» вакцинасынын Бразилия, Улуу Британия, Марокко жана Сауд Аравияга жөнөтүлүшү кечеңдеп жатканы айтылган. Бирок Индия өкмөтүнөн бул боюнча расмий комментарий бериле элек.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

637